Форум - Другие новости - Р.Отунбаева «Кыргызстандын үмүтү-тынчтыктын жаш элчилери» долбоорунун катышуучуларын кабыл алды

#39224 by Отключён (Новичок) в 2011-09-29 17:34:34 , (270 недели) назадTop




  Сообщений: N/A


Баракелде - Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 29-сентябрда «Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аялдары» аттуу түйүндүн демилгеси менен «Кыргызстандын үмүтү – тынчтыктын жаш элчилери» деген долбоорунун 36 катышуучусун кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тынчтыктын жаш элчилери менен жолугушуу жылуу жана ачык маанайда өттү, алар мамлекет башчысына долбоордун максаттары жана милдеттери жөнүндө кыскача маалымат беришти. Улан-кыздар бул долбоордун алкагында республиканын ар бир аймагында болуп, алардын өзгөчөлүктөрү менен таанышып, жолугушууларды өткөрүп келишкендигин айтышты.

Баткен облусунан келген Сергей Никитенко региондордо болгон сапарларда жергиликтүү тургундар менен маектешүү аларды жакшы түшүнүүгө жардам берет деп эсептейт. «Мурун мен өзүмдү баткендикмин деп сезчүмүн, эми бардык дубандарда жашаган адамдар менен таанышып, алардын үйүнөн туз-даам татып, меймандостугун көрүп, жашоо-шарты менен таанышып, баарлашкандан кийин мен өзүмдү Кыргызстандын жараны, кыргызстандык катары сезе баштадым. Кайсы улуттан, кандай жаш куракта экендигибизге карабастан, баарыбыз - бир өлкөнүн жараныбыз. Мекенибиз - бир, ал - ажайып Кыргызстаныбыз. Ошондуктан, баарыбыз бири-бирибизди сыйлап, түшүнүп, жылуу мамиледе болушубуз керек. Өлкөбүздү биргелешип өнүктүрүшүбүз керек», - деди ал.

«Биз тынчтык элчиси катары башка дубандагы курбуларыбыз менен тааныштык, ар бир жерде бизди жылуу маанайда меймандостук менен тосуп алышты. 36 тынчтык элчилери биримдиктин, ынтымактын жана ырашкерликтин идеясын башкаларга татыктуу жеткирдик деп үмүттөнөм», - деди Ысык-Көл облусунан келген Тахмина Закирова .

«Ар бир дубанга келип, биз жаштардын көйгөйлөрү жана кызыкчылыктары менен тааныштык. Ар кайсы улуттагы үй-бүлөлөрдө жашадык, алар аркылуу биз алардын үрп-адаты, салты жана улуттук тамактарынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштык. Канчалык бири-бирибиз жөнүндө көбүрөөк билсек, ортобуздагы биримдик жана ырашкерлик бекемдейт», - деп эсептейт Талас облусунан келген Адилет Дуулат уулу.

Мамлекет башчысы тынчтыктын жаш элчилеринин курамы көп улуттуу экендигине көңүл бурду. «Силердин араңарда түрдүү улуттун өкүлдөрү бар экендиги абдан жакшы көрүнүш. Элчи – бул бир нече чет тилдерди билген адам, биз тил аркылуу адамдын, өлкөнүн ички дүйнөсү менен таанышабыз. Дүйнө тилдерин гана үйрөнбөстөн, Кыргызстанда жашаган башка улуттардын да тилин үйрөнүү керек. Элчи чет жактарда өзүнүн өлкөсү жана эли жөнүндө маалымат берет, силер болсо тынчтык элчиси катары бардыгын биримдикке, ынтымакка жана ырашкерликке чакырып, жаштар чөйрөсүндө толеранттуулуктун, ынтымактын жана биримдиктин идеясын илгерилетип жатасыңар. Мен силдердин эмгегиңерди жогору баалайм, силердин тынчтык орнотуу иштериңерге ыраазычылык билдирем», - деди Р.Отунбаева.

Президент Роза Отунбаева өлкөнүн жаш жарандары турмушта алдыга так максаттарды коюп, билимин кеңейтүүгө, ар тараптан өнүккөн адам болууга умтулушу керектигин айтты. «Силер, өлкөнү өнүктүрүү ишине өз салымын кошууга аракет кылып жаткан чыныгы мекенчил жаштарсыңар. Биз бардыгыбыз биргелешип өлкөнүн потенциалын арттырууга салымыбызды кошуубуз зарыл», - деди Роза Отунбаева.
Отправить сообщеньку

       [1]       

Быстрый переход: