Форум - Другие новости - А.Келдибеков Курман айт майрамы менен куттуктап, мекендештерди даанышмандык менен түтүмдүүлүккө чакырды

#41617 by Отключён (Новичок) в 2011-11-04 17:24:17 , (266 недели) назадTop




  Сообщений: N/A


Баракелде - Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Спикердин куттуктоо текстин парламенттин басма сөз кызматы таратты.

Куттуктоо тексти:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын атынан бардык мекендештеримди алдыда келе жаткан Курман айт майрамы менен куттуктайм.

Курман айт – тирүүлүк менен түтүмдүүлүк, ынтымак менен ырашкерлик, кайрымдуулук менен карамдуулук күнү. Ал майрамдын түпкү маани-маңызы ар адамдын келечекке илгери үмүт менен карап жашоосуна түрткү берүү болуп саналат.

Ал көзү өткөн жакындарыбыздын да ысымын унутта калтырбай, алардын арбагына арнап куран түшүрүү жөрөлгөсүн башкы милдет катары карайт. Аны көзү өткөндөр менен тирүүлөрдүн ниетин жалгаштырып турган майрам катары белгилейбиз.

Кыргызстандын башкы байлыгы – анын калкы! Карт тарых жайыгында көптөгөн чоң элдер жоюлуп, ири-ири мамлекеттер кеткендигине карабастан, кыргыз эли даанышмандыгынан улам, өзүнүн элдүүлүгү менен мамлекетин сактап кала алды.

Жакында эле президенттик шайлоо өттү. Президенттикке сексенден ашуун талапкер аттанды. Баары тең кыргыздын татыктуу уул-кыздары. Бирок, ичинен бирөө гана – добушту көп топтой алганы гана жеңип чыга алмак.

Ырас, бардык эле шайлоолордо кемчиликтер кетет, тартип бузуулар болот. Эгер кайра кайталанбасын десек, ал дыкат текшерилип, кетирилген кемчиликтер оңдолууга, күнөөлүүлөр жазаланууга тийиш.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгына караганда, шайлоонун жеңүүчүсү бар. Ошентип, укук тузуулар жүз миң добушту түзгөн күндө да, Алмазбек Атамбаевге добуш бергендердин саны 50 пайыздан ашат.

Ошондуктан, урматтуу мекендештер, баарыңыздарды тынччылыкка, ынтымак менен ырашкерликке, даанышмандык менен түтүмдүүлүккө чакырам. Биздин ата-бабалар өлкөнүн бүтүндүгүн, калктын биримдигин сактап келди. Бардык аймактардын аянттарында нааразычылык митигдери эмес, майрамдык иш-чаралар өтүүгө тийиш.

Жараткандан элимдин биримдигин, журтумдун бүтүндүгүнүн сакталышын тилейм. Курман айтта, андан кийин да Кыргызстан калкынын ар бүлөсүнө бакубат турмуш алып келишин, өлкөдө бири-бирин түшүнүүчүлүктүн орношун каалайм.

Айтыңыздар маарек болсун! Каалаган тилегиңиздерге жетиңиздер. Ылайым, бири-бирибизге кайрымдуу, бири-бирибизге карамдуу журт бололу.
Отправить сообщеньку

       [1]       

Быстрый переход: