Форум - Другие новости - Ош облусу боюнча 700дөн ашык мечит болсо, 200ү каттоодон өткөн эмес

#51750 by Отключён (Новичок) в 2012-06-14 22:08:13 , (233 недели) назадTop




  Сообщений: N/A


Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн демилгеси менен «Диний-экстремисттик коркунучтун алдын-алуу, бөгөт коюу жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөө» деген аталышта атайын жыйын болду. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага облус аймагындагы бардык райондор менен иштеп келе жаткан 10-бөлүмдүн кызматкерлери, райондордун имамдары, дин кызматкерлери катышышты.

Анда катышуучулар тарабынан дин жана мамлекеттин ортосундагы карым-катышы тууралуу талкуу болуп, коомдо ар кандай чыр-чатактарды алдын алууда дин кызматкерлеринин элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөгү ролу боюнча пикирлер айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө кээ бир райондордо мечиттердин саны көбөйүп, дин кызматкерлери улутуна, жашаган көчөсүнө чейин бөлүнүүгө чейин барып, мечиттердин көбөйгөнү тескерисинче эл арасында бөлүнүп жарылууга алып келип жаткандыгы айтылды.

Кара-Суу районунун коомдук тартиптин алдын-алуу боюнча борборунун төрагасы Сабыржан Ахмедов билдиргендей, Кара-Суу районунда учурда 136 мечит болсо, мектептердин саны 124тү түзөт. Ошондуктан мечиттерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар көзөмөлгө алынып, мечиттердин бардыгы мамлекеттик каттоодон өткөрүлүшү сунушталды.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын түштүк аймактык өкүлчүлүгү маалымдагандай, учурда Ош облусунда 700дөн ашуун мечит бар болсо, анын ичинен 200дөй мечит мамлекеттик катоодон өтпөстөн өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

Иш-чаранын жыйынтыгында коомдогу ар кандай чыр-чатактары болтурбоо үчүн дин кызматкерлери менен укук коргоо органдары биргеликте иш алып барышы зарыл экендиги белгиленди.
Отправить сообщеньку

       [1]       

Быстрый переход: