Форум - Другие новости - Өкмөттү таза иштегиле десек, аткарбаса эмне бетинен өбөлүбү?, - депутат Т.Мадылбеков

#51751 by Отключён (Новичок) в 2012-06-14 22:09:16 , (234 недели) назадTop




  Сообщений: N/A


Биздин партия эң негизги приоритеттүү тармак деп кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөштү таап, аны менен чечкиндүү күрөш жүргүзөрүбүздү жалпы коомчулукка айтканбыз, деп билдирет «Ата Мекен» депутаты Турат Мадылбеков «Учур» гезитинин 14-июнда чыккан санына берген маегинде.

Анын айтымында, Р.Отунбаева да, кийин А.Атамбаев да колдоп, президент болору менен УКМКнын алдында коррупцияга каршы кызмат түзүлдү. Бирок жыйынтыгы жакшы болгон жок.

«Элден эч нерсени жашыра албайбыз, азыр коррупция дүркүрөп гүлдөп жатат, алар иштешкен жок. Тескерисинче, Прокуратура, ИИМдин алдында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмү, Финполдун ордуна түзүлгөн экономикалык органдарды эл багып жатат. Бирин-экин бизнесмендерди кысып, беш, он миң сомдук пара менен кармаган болду. Ал эми млндоп жеген адамдар менен уюшкан кылмыштуу топтордун башчылары тайраңдап жүрөт», - деп айтты депутат.

Ал билдиргендей, коалициянын жыйыны болгондо бул тууралуу Ө.Бабановго айтат. «Таза иштегиле, мыйзамсыздык, коррупция болуп жатат, текшергиле десек, аткарбаса, эмне кылыш керек? Бетинен өбөлүбү? Бийликке келгенде адамдын баары уурдап, чөнтөгүн акчага тотуруп кете берсе, мамлекеттүүлүгүбүз эртең эмне болот», - дейт Мадылбеков.
Отправить сообщеньку

       [1]       

Быстрый переход: