Форум - Другие новости - Ошто Турсунбек Акун июнь окуясынан жабыр тарткан «Жаштык» лагеринде жашап жаткан жарандар менен жолугушту

  • Аватар пользователя
    [ Пользователь удален ] #51752
    14 Июня 2012 года в 22:11:20
  • Ош шаарында Акыйкатчы Турсунбек Акун эки күндүк иш сапарынын алкагында «Жаштык» лагерине барып, ал жерде жашап жаткан июнь окуясынан жабыр тарткан жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы маалымдады.

    Т.Акундун айтымында, ал жерде 39 үй-бүлө жашап жатат.

    «Жабыр тарткан жарандардын арасында майыптар да бар. Лагердин шарты аябай начар, кышында суук болгондугун айтышты. Мурда 89 үй-бүлө жашаса, учурда 39у калыптыр. Анткени алар кезек-кезеги менен Мамлекеттик дирекция тарабынан курулуп жаткан үйлөрдөн квартира алып жатышат» - дейт ал.

    Акыйкатчынын айтымында, бул үй-бүлөлөрдүн балдары шаардагы Терешкова атындагы орто мектепте окушат.

    «Мектеп жашындагы балдардын тизмесин алдык. 22 бала бар экендиги такталды», - дейт Т.Акун.

  • 1
  • Ответить
  • У вас нет прав оставлять комментарии!

Быстрый переход: